Кыргызстандын Парламенти мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун кабыл алды
Жогорку Кенештин жыйынында депутаттар Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун талкуулашты, ал үч окууда кабыл алынган. Мыйзам долбоорунун демилгечиси өкмөт башчы.