Жолугушууда министр өлкөнүн көмүр ресурстарын колдонуп, жылуулук электр станцияларын (ЖЭС) түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.
Консорциумдун өкүлдөрү ар биринин кубаттуулугу 350 МВт болгон үч ЖЭСти иштеп чыгууга, каржылоого жана курууга даяр экендиктерин билдиришти, бул жалпы 1050 МВт кубаттуулукка жетет. Проект таза көмүр технологияларын колдонуу менен эл аралык стандарттарга ылайык ишке ашырылат.
Ошондой эле консорциумдун мындай объекттерди курууда чоң тажрыйбасы бар экени белгиленди.
Маалымат үчүн
GPRC – German Consulting Group GmbH - Европа консалтинг компаниясы, ар кандай тармактарда тажрыйбасы бар:
- мамлекеттик мекемелер үчүн стратегиялык консультация;
- критикалык инфраструктуранын коопсуздугун жана туруктуулугун камсыз кылуу;
- изилдөөлөрдү жүргүзүү жана активдерди кайтаруу;
- соттук талаштарда колдоо;
- уюмдар үчүн стратегияларды иштеп чыгуу;
- коопсуздук тобокелдиктерин башкаруу (Security Risk Management, SRM);
- өз ара юридикалык жардам боюнча иштер үчүн статистикалык анализ (MLA);
- бәсекелешүү чалгындоо жана ачык булактар менен иштөө (OSINT).