Бишкекте жашы жете элек бала рулда отурган жүк ташуучу унаа токтотулду
УПСМдин маалыматтарына ылайык, 30-декабрда Бишкекте өспүрүмдүн унааны айдап жаткандыгы катталды. 26-декабрда атайын операциянын жүрүшүндө патрул милиция кызматкерлери «Мерседес Бенц» маркасындагы жүк унаасын документтерин текшерүү үчүн токтотушту. Айдоочу менен сүйлөшүү учурунда анын курагы жаш өспүрүм экени белгилүү болду.