Улуу Британияда король Карл III-дүн бир тууганы - Эндрю Маунтбеттен-Виндзор кармалды
Эндрю Маунтбеттен-Виндзор, король Карл IIIнин иниси, Улуу Британияда кызмат абалынан кыянаттык кылуу боюнча айыпталып кармалды. Ал буга чейин Джеффри Эпштейн менен болгон байланышынан улам бардык наамдарынан ажыратылган. Бул тууралуу Русская служба Би-би-си билдирет. 19-февралда таңкы сааттарда Маунтбеттен-Виндзор жашаган Норфолктогу Сандрингем королдук имаратына келген унаалардын сүрөттөрү пайда болду. Британ полициясы кийин кармоо тууралуу билдирүү чыгарды, анда кармалган адамдын аты аталган