Лебединовка - ГЭС-5 трассасындагы көпүрөнү кеңейтүү иштери 20-апрелге чейин уланат

Ирина Орлонская Коом
VK X OK WhatsApp Telegram
Лебединовка - ГЭС-5 автожолунда, Бишкектин Түндүк айланма жолуна туташкан, көпүрөнү кеңейтүү боюнча иштер улантылууда. Бул тууралуу Транспорт жана байланыш министрлигинен билдиришти.

Эскертсек, автожолдун жалпы узундугу 5,1 км. Реконструкция учурунда жолдун категориясы эки тилкеден төрт тилкеге өзгөртүлөт. Проект ошондой эле жарыктандырууну орнотуу, чоң көпүрөнүн эки тарабында тротуарларды куруу жана өзүнчө жөө адамдар үчүн көпүрөнү курууну камтыйт.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: