40 өлкөдөн келген мектеп окуучуларынын арасында Баткен облусунун Кызыл-Кия шаарынан 4-класстын окуучусу Беккан Аллабердыев 1-орунду ээледи.
Логикалык ой жүгүртүүнү, аналитикалык жөндөмдөрдү жана математика боюнча терең билимдерди текшерүүгө багытталган эл аралык олимпиадага Баткен облусунан жалгыз Беккан Аллабердыев катышты.
Анын энеси Эльнура Абдылбасы кызынын айтымында, мурда уулу Стамбулда (Түркия) жана Ташкентте (Өзбекстан) өткөн менталдык арифметика боюнча мелдештерде да сыйлык алган.
«Уулум Беккан 6-январда Лос-Анджелеске эл аралык математика олимпиадасына катышуу үчүн учуп кетти. Баткен облусунан жалгыз катышуучу болгон. 10-январда олимпиадада 40 өлкөнүн окуучуларынын арасында биринчи орунду алды.
Ал март айында Сингапурда өтө турган олимпиадага катышат. Окууга болгон кызыгуусу 1-класстан бери бар. Ал математика жана менталдык арифметика менен абдан кызыгат, жакшы ой жүгүртөт. Ал менин үч баламдын арасындагы улуусу. 9 жашка чыкты. Азыр «Light Academy» мектебинин 4-классында окуйт», - деди Э.Абдылбасы кызы.
Бул публикацияны Instagramда көрүңүз
Публикация Turmush (АКИpress) тарабынан (@turmush.akipress)