
КФСтин башкы катчысы Медербек Сыдыков, техникалык директор Дайнис Казакевич менен биргеликте Манаска жайгашкан "Барселона" футбол академиясына барышты.
Сапарынын алкагында алар академиянын жетекчилиги жана машыктыруучулары менен жолугушуп, жаш футболчулардын даярдыгы боюнча маселелерди талкуулашты жана гранттык программа боюнча окуп жаткан оюнчулардын көрсөтмөсүнө күбө болушту.
"Барселона" академиясы КФС менен активдүү кызматташып, Кыргызстандагы жаңы муун футболчуларынын өнүгүшүндө маанилүү роль ойнойт, заманбап окутуу ыкмаларын колдонуп жана профессионалдык спорттун принциптерин интеграциялайт.