









Манас жана Токтогул райондорунда айыл чарба продукцияларын сатууга арналган кезектеги жарманке өттү.
Агроөнөр жай министрлиги берген маалыматка ылайык, бул иш-чара жергиликтүү айыл чарба өнүктүрүү башкармалыктары жана айыл өкмөтү менен кызматташтыкта уюштурулган. Жарманке учурунда аймактын тургундары ар кандай азыктарды, анын ичинде эт, жашылча, жемиш, ун, өсүмдүк майы, кант жана башка керектүү товарларды жеткиликтүү баада сатып ала алышты.
Бул иш-чаранын максаты калкты сапаттуу жана коопсуз азыктар менен камсыз кылуу, ошондой эле ички рынокту колдоо максатында маанилүү азык-түлүк товарларынын бааларын туруктуу кармоо болуп саналат.
Учурда өлкөдөгү азык-түлүк коопсуздугу боюнча абал туруктуу экени белгиленет. Алгачкы керектөө товарларынын запастары жетиштүү деңгээлде, азык-түлүк жетишсиздиги байкалбайт.