Ал Сеулдагы мода жумадысында салттуу образын көрсөттү
Кыргызстандык модель Шадия Исаева Сеулда өткөн мода жумадына катышкандан кийин белгилүү Vogue журналынын каарманына айланды.

Ал салттуу кыргыз чапан жана баш кийим кийип чыккан образы "The Best Street Style Photos From the Fall 2026 Shows in Seoul" деген макалага киргизилди.

Шадиянын айтымында, бул кийимдер анын чоң атасы жана чоң энесине таандык. Ал жакындарынын эскерүүсүндө кийип, жеке баалуулуктар аркылуу Кыргызстандын бай маданиятын жана тарыхын көрсөтүүнү чечти.
Фото wwws
