
Окуя болгон жерге тез арада Чон-Кемин мамлекеттик табигый паркынын егери Ж. Чокоев жана аңчы У. Абыканов келишип, жаныбарды дарактан коопсуз түшүрүүгө жардам беришти.
Кар барысы - Кыргызстанда мамлекеттик коргоого алынган, сейрек кездешүүчү түр.
Министрликте ак илбирстин пайда болушунун ар бир учурунун анын популяциясынын абалын көзөмөлдөө жана Кыргызстандагы биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо үчүн чоң мааниге ээ экенин белгилешти.