
Баш калаада, «Ала-Тоо 1» жана «Ала-Тоо 2» жашоо массивдеринде 5-мартта саат 09:00дөн 21:00гө чейин суу өчүрүлөт. Бул маалымат Бишкек мэриясынан алынды.
Өчүрүү зонасы: «Ала-Тоо 1» жана «Ала-Тоо 2» жашоо массивдери.
Өчүрүүнүн себеби «Ала-Тоо» суу алуучу жайында авариялык-ремонттук иштер болуп жатат.
