
Компаниянын жана инвестордун, Кытайдын Шэньсий углехимиялык корпорациясынын расмий чакыруусу боюнча делегация заводдун капиталдык оңдоп-түзөө жана модернизациялоо этаптары менен таанышып чыкты.
800 миң тонна жылдык кубаттуулугу бар заводдун модернизациясы Кыргыз Республикасынын эң ири инвестициялык долбоорлорунун бири болуп саналат. Ишке ашыруу Улуттук инвестиция агенттиги менен ОсОО «Орто Азия энергетикалык компаниясы» арасында кол коюлган инвестициялык келишимге жана инвестицияларды $193,75 миллионго чейин көбөйтүүнү жана долбоорду ушул жылдын 31-июлуна чейин аяктоону караган кошумча келишимге ылайык жүргүзүлүүдө.
Зыярат учурунда катышуучулар учурдагы курулуш жана монтаждоо иштеринин жүрүшү менен таанышып, өндүрүш объектилеринин даярдык деңгээлин баалашты.
Мамлекеттик органдардын өкүлдөрү бул долбоордун региондун өнөр жайын өнүктүрүү, нефтинин кайра иштетүү тереңдигин жогорулатуу, жаңы жумуш орундарын түзүү жана өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун бекемдөө үчүн маанилүүлүгүн белгилешти.