Жыйынга ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Эркебек Аширходжаев жетекчилик кылды. Ошондой эле, жыйынга Жалал-Абад облусунун Ички иштер башкармалыгынын начальниги Марлис Асанов жана башка укук коргоо органдарынын кызматкерлери катышты.
Жыйында жабыркагандар кармалып турган компаниянын мүлкүн колдонуп, аякталбаган курулуш долбоорлорун бүтүрүү жана материалдык чыгымдарды калыбына келтирүү маселелерин талкуулашты. Бул суроолорго жооп берип, Эркебек Аширходжаев компаниянын директору учурда камакта экенин жана тергөө иштери улантылып жатканын билдирди.









Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Жалал-Абад облусунда "Дастан Курулуш" компаниясы боюнча 66 материал катталган. Алардын ичинен 41 факты боюнча кылмыш иштеринин козголуп, бир өндүрүшкө бириктирилип, сотко өткөрүлгөн. Түзүлгөн чыгымдын жалпы суммасы 36 миллион сомдон ашат.
Иш-чаранын аягында министрдин орун басары жарандардын бардык кайрылуулары кылдаттык менен изилденерин, тергөө объективдүү жана ар тараптуу жүргүзүлөрүн, жабыркагандардын укуктары мыйзамга ылайык корголорун белгиледи.