
Ош шаардык ички иштер башкармалыгында ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Эркебек Аширходжаевдин уюштуруусу менен «Эмаком» курулуш компаниясынын аракеттеринен жабыркаган жарандар менен жолугушуу болуп өттү. Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы бул окуя тууралуу билдирди.
Жолугушууда Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын начальниги Дамир Исаков, ошондой эле укук коргоо органдарынын кызматкерлери, «Эмаком» компаниясынын мурдагы директору Эмилбек Жусупов жана 80ден ашык жабыркаган жарандар катышты.


Талкуу учурунда компаниянын камакка алынган мүлкүн колдонуп, аяктабай калган курулуш долбоорлорун жыйынтыктоо жана жабыркагандарга келтирилген зыянды калыбына келтирүү боюнча маанилүү маселелер көтөрүлдү. Мындан тышкары, бир эле батир бир нече сатып алуучуга сатылган учурлар талкууланды.