Тышкы саясат ведомствосунун маалыматы боюнча, чек араны өтүү үчүн төмөнкү пункттар жеткиликтүү:
- «Баджгиран» пункту — дипломатиялык паспорт ээлери үчүн гана арналган;
- «Артык» жана «Сарахс» пункттары — жарандык паспорт ээлери үчүн ачылган.
Тышкы иштер министрлиги ошондой эле, суроолор пайда болгондо, жарандарыбыз Түркмөнстандагы Кыргызстандын элчилигине кайрылышы же түздөн-түз Тышкы иштер министрлиги менен байланышышы мүмкүн экенин белгиледи.
Элчиликтин байланыш маалыматтары: [email protected]. Телефон номерлери: +993-12-48-22-95, +993-12-48-22-96 (09:00дан 18:00гө чейин). Ысык линия (түнү-бойдон жеткиликтүү): +993-65-69-40-59
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаменти: [email protected]. Телефон: +996 999 312 002.