«Учурда көптөгөн эл аралык авиакомпаниялар Иранга болгон рейстерин токтотуп же алардын жыштыгын азайтышкан, бул расписанияларда туруктуу өзгөрүүлөргө алып келет. Эгер сиз учак менен учуп кете албасаңыз, коңшу өлкөлөр аркылуу жерден чыгып кетүү мүмкүнчүлүгү бар.
Кыргызстан жарандары үчүн Арменияга жана Түркияга визасыз кирүү мүмкүн.
Бирок Түркмөнстанга кирүү үчүн Кыргызстан элчилигине визаны жана кирүү уруксатын алуу үчүн алдын ала кайрылуу керек.
2026-жылдын 16-январына карата Ирандын Афганистан жана Ирак менен чектешкен өткөрмө пункттары иштеп жатат. Эгер сиз бул өлкөлөргө барууну чечсеңиз, тиешелүү дипломатиялык өкүлчүлүктөргө визаны алуу үчүн алдын ала арыз беришиңиз керек.»
Жогоруда айтылгандарга байланыштуу, ТИМ альтернативдүү маршруттарды карап чыгууга сунуштайт. Учурда Ирандын Пакистан жана Азербайжан менен чектешкен жер чектери жабык.
Ирандан чыгып кетүүгө жардамга муктаж Кыргызстан жарандарынан элчиликке же ТИМдин консулдук бөлүмүнө төмөнкү маалыматтарды берүү сунушталат:
— толук аты-жөнү жана байланыш маалыматтары;
— жеке маалыматтары бар паспорттун бетинин сүрөтү;
— пландалган чек ара өткөрмө пункту.
КР жарандарынан жакынкы убакта Иранга сапарды пландаштырган адамдарга өлкөдөгү кырдаал жакшыраганга чейин пландарын токтотуу сунушталат.
Байланыштар:
- ТИМдин консулдук бөлүмү (түнү-бойго жеткиликтүү): +996999312002, [email protected];
- Ирандагы КР элчилиги: +982122830354; +989352505229, [email protected];
- Армениядагы КР ардактуу консулу: +37491919191;
- Түркиядагы КР элчилиги: +903124913506; +905456896800;
- Түркмөнстандагы КР элчилиги: +99312482295; +99312482296; +99365694059;
- Афганистандагы КР элчилиги: +93779099326; +93779099326; +93776544504 (WhatsApp);
- Азербайжандагы КР элчилиги: +994993312312, +994125055674, +994557505301.