ТАССтын маалыматына ылайык, кагылышуудан кийин катердин корпусу оор зыянга учурап, батып кеткен.
Таиланддын провинциясындагы башкы консул Егор Иванов, жүргүнчүлөрдүн арасында 33 россиялык, ошондой эле Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана башка өлкөлөрдүн жарандары бар экенин билдирди. Тилекке каршы, окуянын натыйжасында 2008-жылы төрөлгөн россиянка каза болду.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги катерде эки жарандын бар экенин тастыктады, алар менен Малайзиядагы элчилик байланыш түзгөн.
Бар болгон маалыматка ылайык, кыргызстандыктар дене жаракаттарын алган эмес, алардын абалы канааттандырарлык деп бааланууда. Алар медициналык жардамдан жана ооруканага жаткызуудан баш тартты.Элчилик жарандары менен байланышта болуп, кырдаалдын өнүгүшүн көзөмөлдөп жатат. Алдын ала маалыматтар боюнча, алардын Кыргызстанга кайтуусу 15-январга пландалууда.