Эгер Иранда болсоңуз, өзгөчө кырдаалдар пайда болгондо, дароо Кыргызстандын Тегерандеги элчилигине же Тышкы иштер министрлигинин консулдук бөлүмүнө кайрылуу сунушталат:
Кыргызстандын Ирандагы элчилиги (Тегеран):
+982122830354, +989352505229;
E-mail: [email protected];
Тышкы иштер министрлигинин консулдук бөлүмү (круглосуточно):
+996999312002;
E-mail: [email protected].
2026-жылдын 28-февралына карата, ачык булактардан алынган маалыматка ылайык, Түркия менен Ирандын мамлекеттик чекити ачык бойдон калууда жана чек ара өткөрмө пункттары адаттагыдай иштеп жатат.
Өзгөчө байланыш үчүн кошумча телефон номерлери:
Армениядагы Кыргызстандын Почеттуу консуласы: +37491919191;
Түркиядагы Кыргызстандын элчилиги: +903124913506, +905456896800;
Түркмөнстандагы Кыргызстандын элчилиги: +99312482295, +99312482296, +99365694059;
Афганистандагы Кыргызстандын элчилиги: +93779099326, +93776544504 (WhatsApp);
Азербайжандагы Кыргызстандын элчилиги: +994993312312, +994125055674, +994557505301.
Тышкы саясат ведомствосу кырдаалдын өнүгүшүн жакындан көзөмөлдөп, жарандарды тынчтыкты сактоого жана жеке коопсуздук чараларын катуу сактоого чакырат.
Мурда маалымдалгандай, бүгүн Израиль жана АКШнын куралдуу күчтөрү Ирандын ар кандай шаарларына жана аскердик объекттерине бир нече чабуул жасашты. Жооп катары Тегеран Израиль жана америкалык аскер базаларына жакынкы Чыгыштагы бир нече өлкөлөрдө чабуул жасады. Иранга каршы аскердик аракеттердин башталгандыгы тууралуу билдирүүнү АКШнын президенти Дональд Трамп жасады.