
Сот мөөнөтү өткөн продукцияны жок кылуу чечимин кабыл алды
Ири партия мөөнөтү өткөн кондитердик азыктар Мамлекеттик салык кызматы тарабынан «Ак-Тилек» товарларды эсепке алуу пунктунда аныкталды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.
Текшерүү учурунда жүк ташуучу унаадагы товарлардын бир бөлүгү туура эсепке алынбагандыгы, ал эми башка бөлүгү мөөнөтү өтүп кеткендиги аныкталды.
Аныкталган продукциянын жалпы салмагы 10 тоннадан ашык болду.
Бул иш боюнча материалдар укук коргоо органдарына кийинки соттук териштирүү үчүн өткөрүлдү.
Соттун чечимине ылайык, бузулган кондитердик азыктар таштанды кайра иштетүү заводунун аймагында өрттөө жолу менен жок кылынды.
сүрөт www