
Адистер мунай сактоочу жайларга болгон кол салуулардын кесепеттеринен эскертүүдө
Адистер Ирандан Борбордук Азиянын аймактарына, анын ичинде Кыргызстан жана Казакстанга чейин жайыла турган кислоттуу жамгырлардын коркунучу тууралуу маалымдашты. Алардын маалыматы боюнча, мындай жамгырлар Тегеранда байкалууда.
Тегеранга жакын жайгашкан мунай сактоочу жайларга багытталган кол салуулардын натыйжасында асман кара түтүн булуттары менен капталып, 8-мартка караган түнү өткөн жамгыр кислоттуу болуп, мунайдын күйүү продуктуларынын издерин камтыган. Бул маалыматты Ирандын Кызыл Айынын маалыматтарына таянып ISNA билдирди. Жергиликтүү медициналык кызматкерлер жамгыр учурунда тургундарды имараттарда калууга чакырышты.
Мындан тышкары, Исфахандагы ядролук объект да зыянга учурады. Бул эскертүү Ирандын Улуттук ядролук коопсуздук борбору тарабынан жарыяланды.
сүрөт www