
Келишимдер Европа жана Жакынкы Чыгыштагы бир нече өлкөлөрдү камтыйт
Бүгүнкү отурумда Жогорку Кенештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети дипломатиялык жана кызматтык паспорт ээлери үчүн визаларды өз ара жоюу боюнча келишимдердин ратификациясына байланыштуу мыйзам долбоорлорун талкуулады.
Талкуудан кийин депутаттар Бенилюкс, Словения, Оман жана Египет менен дипломатиялык жана кызматтык паспорт ээлери үчүн визалык талаптарды жоюуну сунуштаган мыйзам долбоорлорун үч окууда бир добуштан колдошту.