
Бишкекте 13-марттан Дэн Сяопин проспектин капиталдык оңдоонун экинчи этабы башталат, деп билдирет шаардык мэрия. Жумуштар бул маанилүү магистралдын түштүк тарабында топтолуп жүргүзүлөт.
Оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшүндө Кайназаров көчөсү менен Сыдыгалиев көчөсүнүн ортосундагы участокто транспорттун кыймылы убактылуу токтотулат.
Биринчи этаптын алкагында Интергельпо көчөсүнөн Кайназаров көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылганын эске салабыз.
Жүргүнчүлөргө өз маршруттарын алдын ала пландаштырууну жана альтернативдүү жолдорду колдонууну сунуштайбыз.
Жумуштар жолдун асфальттык жабындысынын сапатын жакшыртууга, жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга жана инфраструктураны жаңылоого багытталган.