
Кыргызстанда мамлекеттик жөлөкпулдарды алып жаткан жарандар «Бала ырысы» жаңы жөлөкпулун же иштеп жаткан колдоо программаларын тандашы керек. Бул тууралуу «Элден Собол» берүүсүндө, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин мамлекеттик жөлөкпулдар бөлүмүнүн башкы адиси Адель Жомартова маалымат берди.

Мындан тышкары, Эмгек министрлиги «Бала ырысы» жөлөкпулуна арыз берүү үчүн онлайн форматты киргизүүнү карап жатат. Бул үчүн «Тундук» тиркемесин колдонуу пландалууда. «Кээ бир балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөр азырынча санариптештирилген эмес, ошондуктан жарандарга керектүү документтерди даярдоо үчүн 1-июлга чейин убакыт бар», - деп кошумчалады ал.