Бекитилген графикке ылайык, иш-чаралар төмөнкүдөй уюштурулат:
- 7:30дан 8:00гө чейин — Куран окулушу;
- 8:00дан 8:25ке чейин — диний насихаттар;
- 8:25тен 8:30га чейин — Айт-намаздын өткөрүү тартибин түшүндүрүү;
- 8:30дан 8:50ге чейин — Айт-намазды аткаруу.
Шаардык бийликтин өкүлдөрү бардык катышуучуларды майрамдык намазды өткөрүү учурунда тартипти сактоого жана сунуштарга баш ийүүгө чакырышууда.