
МП «Бишкекводоканал» маалыматтарына ылайык, суу өчүрүлгөн убакытта турак жай үйлөрү, мектептер, балдар бакчалары, медициналык мекемелер жана социалдык жана өнөр жай инфраструктурасынын башка объектилери суусуз калат.
Мэриянын сүрөтү. Жарым күн суу жок. Бишкекте суу камсыздоо кайда өчүрүлөт
Өчүрүү зонасы Панфилов көчөсү, Манас проспекти, Фрунзе көчөсү жана темир жол линиясы менен чектелген районду камтыйт.
«Бишкекводоканал» өкүлдөрү ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, жарандарды жана уюмдарды алдын ала ичүүчү суу менен камсыз болууга чакырышты.
Ошондой эле пландалган жана авариялык суу өчүрүүлөр тууралуу актуалдуу маалыматты «Менин шаарым» тиркемеси аркылуу билүүгө болорун билдиришти.