Ошто мектептердин жанындагы дүкөндөрдө рейд өткөрүлдү. Балдар үчүн зыяндуу азыктар алынды.

Владислав Вислоцкий Коом
VK X OK WhatsApp Telegram
Ош шаарында мектептерден 100 метр аралыкта жайгашкан дүкөндөрдө ден соолукка зыяндуу тамак-аштарды сатууга тыюу салуу боюнча рейддер башталды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.

Берилген маалыматтарга ылайык, санитардык-эпидемиологиялык кызмат (СЭС) ден соолукка зыяндуу деп табылган азыктарды алып салды.



«Бул иш-чаралардын максаты — мектеп окуучуларынын ден соолугун коргоо. Соода түйүндөрүнүн ээлери зыяндуу товарларды сатуудан алып салуу керектиги тууралуу алдын ала эскертилген», — деп белгиленет расмий билдирүүдө.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: