

Министрликтин маалыматына ылайык, Аида биринчи даражадагы диплом менен сыйланган. Конкурстун жыйынтыгы 24-мартта Казакстандын борбору Астанада өткөрүлдү.
Соревнованиенин биринчи этабы 7-февралда башталган, анын жыйынтыгы боюнча кыргызстандык мугалим экинчи турунан өткөн.
Бул конкурска Борбордук Азия өлкөлөрүнүн мугалимдери катышты. Аида Жаныбаева ошондой эле «ТМДнын мыкты мугалими» төш белгиси жана статуэтка алган.
Министрлик Аида Сталбековнага куттуктоо билдирип, педагогикалык ишмердүүлүгүндө дагы да ийгиликтерди каалады.