
Бишкекте шаардык соттун жыйыны болуп, Эрнис Жээнтаевди бошотуу чечими кабыл алынды. Сот органдары жаңы өкүм тууралуу маалымдашты.
26-мартта жыйында соттук коллегия райондук соттун мурдагы чечимин жокко чыгарып, Жээнтаевди 332-берененин 1-бөлүмү боюнча актады, ал эми 278-берененин негизинде чыгарылган өкүм күчүндө калды. Натыйжада, дизайнерге төрт жылдык пробация дайындалды жана ал сот залынан бошотулду.
Эрнис Жээнтаев ар кандай массалык маалымат каражаттарында дизайнер катары иштегенин белгилеп өтүү керек. Ал 2025-жылдын ноябрь айында 278-берененин 3-бөлүмү жана 332-берененин 1-бөлүмү боюнча кылмыш ишинин алкагында кармалган.
Сүрөт www