
ГУОБДД таксисттер үчүн лицензияларды берүү мөөнөтүн 2026-жылдын 1-февралына чейин узартканын билдирет. 2-февралдан тартып өлкөдө айдоочулардын лицензияларынын болушун текшерүү боюнча рейддер башталат. Учурда лицензия алуу үчүн кезектер жок.
Такси айдоочуларына лицензияны акыркы убакка калтырбоо жана аны алдын ала алуу боюнча кам көрүү сунушталат.
Таксомотордук ишмердик үчүн лицензияларды Кыргызстандын бардык аймагындагы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын бардык бөлүмдөрүндө алуу мүмкүн.