Интервью төмөнкү критерийлерге жооп бергендер үчүн ачык:
- жаш диапазону 18ден 35ке чейин;
- түрк, англис же башка чет тилин билүү;
- массаж (сертификат болсо), ашпозчулук жана пляждык куткаруу тармагында кесиптик жөндөмдөргө ээ талапкерлер кабыл алынат.
Бул иш-чарага катышуу Түркиянын мейманкана тармагында легалдуу жана уюштурулган жумушка орношуу үчүн тандоодон өтүү мүмкүнчүлүгүн берет.
Эмгек борборунда белгилегендей, талапкерлерге берилген бардык кызматтар акысыз. Орточу кызматтар үчүн акы алынбайт.
Төлөм визалык процесстердин алкагында гана мүмкүн, бул учурда кошумча же жашыруун төлөмдөр болбойт.
Тандалган талапкерлер Түркиянын жумуш берүүчүлөрү тарабынан тандалат.