
Абанын начарлашына байланыштуу Бишкектин ТЭЦи күчөтүлгөн даярдык режимине өткөнүн шаардык мэрия маалымдады.
Берилген маалыматка ылайык, үзгүлтүксүз жылуулук жана электр энергиясын камсыздоо үчүн авариялык кызматтар күчөтүлүп, техникалык жана оперативдик персонал үчүн сутка бою кезмет уюштурулган. Мындан тышкары, негизги жана жардамчы жабдуулардын иштешин кошумча көзөмөлдөө киргизилген.
Кызматтын бардык бөлүмдөрү мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалдарга тез жооп берүү үчүн тыгыз кызматташууда иштешет.
«Бишкектин ТЭЦи төмөн температура шарттарында ишенимдүү жана туруктуу жылуулук жана электр энергиясын камсыздоо үчүн бардык зарыл чараларды көрүүдө», — деп айтылат билдирүүдө.