
Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы тарабынан берилген маалыматка ылайык, чектөөлөр магистралдык газ түтүктөрүндөгү басымдын төмөндөшү себептүү киргизилүүдө.
Метан май куюучу жайлардын ишине убактылуу чектөөлөр турак жайларды жана социалдык объектилерди үзгүлтүксүз газ менен камсыз кылуу үчүн зарыл, — деп айтылат билдирүүдө.
Энергетика министрлиги бул чаралар убактылуу экенин, учурда газдын нормалдуу басымын калыбына келтирүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын белгиледи.