
Guardian гезитинин маалыматына ылайык, чектөөлөр жогорку деңгээлдеги кант, май жана тузду камтыган 13 категориядагы азыктарга тиешелүү. Алардын ичинде таттуу ичимдиктер, чипсылар, туздалган крекерлер, таттуу йогурттар, кант кошулган кукуруздан жасалган дан, попкорн, шоколад, жевательная резинка, балмуздак, кондитердик азыктар, пицца жана муздатылган тамактар бар.
Өкмөттүн статистикасына ылайык, Улуу Британияда 22,1% балдар башталгыч мектепке киргенде ашыкча салмак же семиздиктен жабыркашса, окуу аяктаганда бул көрсөткүч 35,8% га чейин жогорулайт. Кариес, бештен тогуз жашка чейинки балдар арасында дарыгерге кайрылуунун негизги себеби болуп саналат.
Өкмөт жаңы чектөөлөр балдардын жылына 7,2 миллиард калорияны азайтууга жана семиз балдардын санын 20 000ге төмөндөтүүгө жардам берет деп ишенет.