
Жүргүнчүлөргө күз-кыш мезгилинде тоолуу аймактарда катуу көзөмөл чаралары жөнүндө эскертүү берилди, бул маалымат Транспорт министрлигинен алынган.
Министрлик «Сосновка» жана «Кара-Кол» текшерүү пункттарында транспорт каражаттарын текшерүү башталганын билдирди.
Кышкы шина жана тайгакка каршы чынжырлар менен жабдылбаган унаалар көрсөтүлгөн посттордон өтүүгө уруксат берилбейт.
Министрлик жүргүнчүлөргө тоолуу аймактарга чыгып жатканда жайкы шинадарды кышкы шинага алмаштыруунун жана жолдо коопсуздукту камсыздоо үчүн тайгакка каршы чынжырлардын болушунун зарылдыгын эскертет.
Мындан тышкары, министрлик ашууларда жүрүү эрежелерин сактоого, мисалы, каршы тилкеге чыгууга жол бербөө, кар тазалоо техникаларына тоскоолдук кылбоо жана унаалардын ортосунда 500 метрден кем эмес аралыкты сактоого чакырат.
Министрликке караштуу жолдорду пайдалануучу ишканалар жолдордун абалын туруктуу көзөмөлдөп, ашууларда жана жолдордо болгон кырдаалдын өзгөрүүлөрүнө ыкчам жооп берүүгө даяр.