
Ала-Бел ашуусунда оор жүк ташуучу унаалар үчүн өтүүгө чектөө киргизилди
Абанын кескин начарлашы, күчтүү кар жаашы жана кар көчкү түшүү мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу, Транспорт жана байланыш министрлиги бир нече автожолдордо убактылуу кыймылга чектөөлөрдү киргизгенин жарыялады.
16-январь күнү саат 19:00дөн баштап Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка жана Кызыл Горка – Ак-Таш маршруттарындагы бардык транспорт каражаттарынын кыймылы жабык.
Пресс-кызматтын маалыматына ылайык, учурда жол кызматкерлери бул участкаларды кардан тазалоо боюнча иш алып барууда.
Мындан тышкары, 16-январь күнү саат 20:00дөн баштап Ала-Бел ашуусунда Бишкек – Ош автожолунда Арал постунда оор жүк ташуучу унаалар үчүн өтүүгө чектөө киргизилди.
Сүрөт www