
23-январдан 25-январга чейин Ош шаарында Кыргыз Республикасынын дзюдодон чемпионаты өтөт, ал "Газпром – детям" дене тарбия жана ден соолук комплексида өткөрүлөт.
Турнирде өлкөнүн мыкты дзюдочулары катышып, медалдар үчүн гана эмес, улуттук курама командага орун алуу үчүн да күрөшөт. Аялдар 48, 52, 57, 63, 70, 78 кг жана 78 кг жогору салмак категорияларында, ал эми эркектер 60, 66, 73, 81, 90, 100 кг жана 100 кг жогору категорияларында сыйлыктарды талашат.
Чемпионаттын негизги максаты 2026-жылга Кыргызстандын дзюдодон улуттук курама командасынын курамын түзүү болуп саналат. Мындан тышкары, бул чемпионат резервдик курама командасына келечектеги спортчуларды тандоодо маанилүү этап болуп, жаштар арасында биримдикти бекемдөөгө, дене тарбияны популяризациялоого жана катышуучулардын чеберчилигин жогорулатууга көмөктөшөт.
Чемпионатты уюштуруу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин, Олимпиадалык спорт түрлөрү дирекциясынын жана Кыргыз Республикасынын дзюдо федерациясынын колдоосу менен ишке ашырылат.