
23-24-январь күндөрүндө Кыргызстандагы тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлүп жаткандыктан, кар көчкү жана кар тоңдору болушу мүмкүн.
Төтөнчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматына ылайык, кар көчкү төмөнкү участкаларда болушу ыктымал:
- Бишкек — Ош: 121-138 км (Тоо-Ашуу ашуусу), 198-255 км (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы);
- Ала-Бука — Каныш-Кыя: 68-74 км жана 86-101 км (Чапчыма ашуусу);
- Кызыл-Горка — Ак-Таш: 0-3 км;
- Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу: 65-110 км;
- Каракол — Эңилчек: 45-90 км (Чон-Ашуу ашуусу);
- Балыкчы — Казарман — Жалал-Абад: 326-349 км (Кок-Арт ашуусу).