
Кыргызстан чемпионатынын командалары жаңы футбол сезонуна активдүү даярдык көрүп жатышат. Өткөн Кыргыз Премьер-Лигасынын жыйынтыгы боюнча жетиинчи орунду ээлеген "Узген" футбол клубу учурда Турцияда окуу-тренировка жыйындарын өткөрүүдө.
Анталиядагы жыйында "Узген" бир нече достук оюндарын өткөрдү. 17-январда команда венгриялык "Аквитал" клубу менен 1:1 эсебинде тең чыкты, бул клуб экинчи дивизиондо ойнойт. Бир гана голду Орхан Алиев киргизди.
Үч күндөн кийин, 20-январда, кыргызстандыктар ФНЛдеги орус клубу "Чайка"га каршы 3:2 эсебинде жеңишке жетишти. Бул оюнда Михаил Титов, Орхан Алиев жана Мирланбек уулу Иса өздөрүнүн голдорун киргизишти.
"Узген" акыркы контролдук беттешин 25-январда словак клубу "Земплин"ге каршы өткөрөт.