
6-февралда Москвада (Россия) EFC Global 53 турнири өтөт, ага бир нече кыргызстандык мушкерлер катышат, деп билдирет ММА лигасынын басма сөз кызматы.
Полусредний салмакта (77 кг) Барсбек Жалил уулу өзбек Сардорбек Абдуманноп менен беттешет, ал эми оор салмакта (120 кг) Айбек Жолдошов орус Алексей Якунинге каршы октагонго чыгат.
Кеченин негизги окуясы кыргызстандык Кайрат Нурбай уулунун (“Атаман”) чемпиондук белегин коргоо болот. Турнир региондун мыкты мушкерлерин чогултуп, аралаш мушташтарда жогорку деңгээлдеги кызыктуу беттештерди убада кылат.