Бишкектиктерди жаңы жылды эстрада жылдыздары менен тосууга чакырышат
Жаңы жылдын алдында, 31-декабрда, Ала-Тоо борбордук аянтында Кыргызстандагы белгилүү аткаруучулардын концерттери өтөт. Бул тууралуу борбордун мэриясынын маалымат кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, майрамдык программа 18:00дө башталат.