Айбек Джунушалиев ЕБРР менен борбордун экологиялык долбоорлорун талкуулады
Бүгүн Бишкекте мэр Айбек Джунушалиевдин Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкынын делегациясы менен жолугушуусу өттү. Мэриянын маалымат кызматынын маалыматына ылайык, талкууланган негизги маселелер борбордун жылуулук жана суу менен камсыздоо боюнча биргелешкен долбоорлору, ошондой эле ЕБРР тарабынан башталган «Жашыл шаарлар» программасына шаарды катыштыруу болду.