
Ош шаарында «Жетиген» мектебинин ашканасында аныкталган көйгөй чечилди. Бул тууралуу жергиликтүү мэрия маалымдады.
Эскертсек, 28-январда эртең мененки рейд учурунда мэр Женишбек Токторбаев билим берүү мекемесиндеги тамактануу уюштурулушунда мыйзам бузууларды аныктаган. Текшерүүнүн натыйжасында мектепте ашпозчу алмаштырылып, окуучуларга берилген нан жана таттуу бышырмалардын сапаты жакшыртылды.
Жергиликтүү бийлик мектептин тамактануу сапатына көзөмөлдү күчөтөрүн жарыялады.
Мурда маалымдалгандай, Кыргызстанда бир биринчи класстын окуучусуна күнүнө 14 сом бөлүнөт. Бишкекте бул сумма 22 сомду, Ошто болсо 15 сомду түзөт, жергиликтүү мэриянын бюджетинен.