Масштабдуу уулануу Бишкекте. Фастфуддун жайын жапты
Сүрөт 24.kg. Бишкектеги бир кафе менен 10дон ашык адам ууланды Саламаттык сактоо жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти берген маалыматка ылайык, Бишкекте массалык уулануу болду. Окуянын натыйжасында 17 адам жабыркады, алардын ичинде 4 бала бар. Алардын 13ү ооруканага жаткырылып, стационардык дарыланууда, калгандыктары амбулатордук жардам алышууда.