Кыргызстан жана Кытай кыргыздардын тарыхын биргелешип изилдешет

Юлия Воробьева Саясат
VK X OK WhatsApp Telegram
28-январда өткөн жыйынга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев жана Кытай коомдук илимдер академиясынын президенти Гао Сян катышты. Анда Кытай делегациясынан тарыхчылар да болду.

Жыйындын жүрүшүндө Кыргызстан жана Кытайдын илимий мекемелери менен аналитикалык борборлору арасындагы кызматташтык багыттары талкууланды. Арслан Койчиев Гао Сяндын Цин династиясы доорундагы Кытайдын тарыхына байланыштуу изилдөөлөрү менен белгилүү экенин жана анын заманбап эл аралык маселелер боюнча пикирлери эксперттер арасында чоң кызыгуу жаратканын белгиледи.

Талкуу илимий кызматташтыкты улантууга жана гуманитардык илимдер жана тарых боюнча изилдөөлөрдү алмашууга эки тараптын кызыгуусун билдирүү менен аяктады.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: