Жакынкы Чыгыштагы өлкөлөрдө жүргөн кыргызстандыктарга коопсуздук чараларын күчөтүү сунушталат: расмий жаңылыктарды кылдаттык менен байкоо, жергиликтүү бийликтин көрсөтмөлөрүнө баш ийүү, эл көп чогулган жерлерден качуу жана мүмкүн болсо, үйдө калуу. Ошондой эле текшерилбеген ушактарды таратуудан алыс болуу жана стратегиялык маанилүү объектилердин жанында болбоо маанилүү.
Мындан тышкары, Тышкы иштер министрлиги аба каттамдарынын статусун алдын ала тактоону жана эгер мүмкүнчүлүк болсо, аскердик кооптуулугу жогору өлкөлөрдөн туруктуу жашоого кайтып келүүнү ойлонууга сунуштайт. Граждантарга кырдаал нормалдашканга чейин бул регионго сапарларды убактылуу токтотуу сунушталат.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кырдаалды кылдаттык менен байкап, жарандарды ар кандай өзгөрүүлөр тууралуу маалымдай бермекчи.
Эгер зарылчылык туулса, жарандар төмөнкү байланыш телефон номерлерине кайрылса болот:
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин консулдук бөлүмү: +996 999 312 002;
- Кыргыз Республикасынын Кувейттеги элчилиги: +965 50887691;
- Кыргыз Республикасынын Катардагы элчилиги: +974 50667001;
- Кыргыз Республикасынын САдагы элчилиги: +966 583769945;
- Кыргыз Республикасынын БАЭдеги элчилиги: +971 522255269;
- Кыргыз Республикасынын Дубайдагы Генералдык консулдугу: +971 522918840;
- Кыргыз Республикасынын Ирандагы элчилиги: +982122830354, +989352505229;
- Израиль: +972 54 962 2341, +972 35226744.