Токмокто мэр алмашты. Алтынбек Эргешовдун ордуна Кутпидин Шакиров дайындалды

Анна Федорова Саясат
VK X OK WhatsApp Telegram
Токмокто мэр алмашты. Алтынбек Эргешовдун ордуна Кутпидин Шакиров дайындалды
Президенттин басма сөз кызматы тарабынан берилген маалыматка ылайык, Алтынбек Эргешов Токмок шаарынын мэрлигинен кетти. Ал бул кызматты 2025-жылдын июнь айынан бери аркалап келген, буга чейин Нарын облусунда мамлекет башчысынын ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеген.

Интернеттен алынган сүрөт. Алтынбек Эргешов
Эргешовдун ордуна Кутпидин Шакиров дайындалды, ал 2023-жылдын 10-февралына чейин Чүй облусунун Кемин районунун акими болуп иштеген.


Интернеттен алынган сүрөт. Кутпидин Шакиров
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: