
Чыныбаевдин кандидатурасы бүгүнкү Жогорку Кеңештин жыйынында бекитилди.
10-мартта президент Канатбек Чыныбаевди Өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу кылып дайындоо тууралуу жарлыкка кол койгонун белгилеп өтүү керек.
Ал буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары кызматын аркалаган.
Алдынкы министри Урматбек Шамырканов ээлеген кызматынан бошотулганын эске салабыз.