
Эскерте кетсек, 10-мартта Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Чыныбаевди өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу кылып дайындоо боюнча жарлыкка кол койгон.
Мурда Канатбек Чыныбаев өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары кызматын аркалаган.
Ал эми анын мурунку орун басары Урматбек Шамырканов мурдагы кызматынан бошотулган.