
ЦИКтин жыйынында Зулушевдин жеке арызынын негизинде бул чечим кабыл алынганы айтылды. Ошондуктан, ага берилген депутаттык күбөлүк күчүн жоготту деп эсептелет.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, бошонгон мандатка III, IV, VI жана VII чакырылыштарда Жогорку Кенештин депутаты болгон Улугбек Ормонов талапкер болушу мүмкүн.