
Реформа алкагында толук электрондук документооборотту ишке ашыруу пландалууда. Келип түшкөн каттарды каттоодон баштап, мыйзам долбоорлорун макулдашууга чейин бардык этаптар корголгон цифралдык платформаларда жүргүзүлөт.
Мындан тышкары, жыйында комитеттердин жана депутаттык топтордун жыйналыштарын онлайн форматта өткөрүү сунушталды. Жыйынга катышуучулар бул парламенттин ишинин ылдамдыгын жакшыртууга жана мобилдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берерин белгилешти.
Ошондой эле, жаңы талаптарга ылайык ички нормативдик-укуктук актыларды ылайыкташтыруу боюнча көрсөтмө берилди, бул жаңы системанын толук функционалдуулугун жана өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу үчүн.